ЖАНКОРОЗ
ЖАНКОРОЗ Бердикожо уулу (1830, Кетмен-Төбө өрөөнү – 1910, Беш-Таш өрөөнү) – акылмандыгы м-н элге кеңири таанымал инсан, саруу уруусунан. Молдодон окуп, сабатын жойгон. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакырылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто урууларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жылдан Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары м-н жерг. элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер арасында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан генерал-губернатору Кауфман 19-к-дын аяк чендеринде Бишкекте ж-а Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Ж-го башкарткан. Ал Олуя-Ата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер ж-дө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал эстеликтер келгиндер тарабынан талкаланып жаткандыгын билдирген. Ушундан кийин Ташкенттен экспедиция келип, Ж-дун коштоосунда Таластагы археол. эстеликтер м-н таанышкан. Бул экспедицияга кыргыз тарыхында эң баалуу ачылыш болгон – Айыр-Там-Ойдо ташка чегилген байыркы түрк (рун) жазуусун таап берген. О. эле аш-тойлордо байгеге адам саюу, кул, күң кылып, барымтага киши берүү сыяктуу салттардын жоюлушуна жетишкен. 1870-ж. Мекеге барып, ажы болуп кайткан. Ж. сексен жаш курагында Беш-Таш өрөөнүнүн оозундагы Бүлкүлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан.