ЖАНКОРОЗОВА
ЖАНКОРОЗОВА Алиман (1916, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Сары-Тологой кыш. – 30. 12. 1993, Бишкек) – драма ж-а кино артисти, Кыргыз ССР эл арт. (1967). 1931-жылдан кыргыз радиосунда диктор, 1933-ж. Кыргыз мамл. муз. драма театрында актриса. 1934-ж.

Өзгөн колхоз-совхоз театрын уюштургандардын бири. 1937-жылдан Караколдогу Ысык-Көл обл. драма театрында, 1962-жылдан Нарын обл. муз. драм а т е ат р ында, 1 9 7 3 - ж ы л д а н К ыр гыз м ам л . акад. драма театрында ишт еге н. Ж. – театрда ж-а кинодо бүткүл инсандык, сүрөткердик куб аты м-н башкы каармандардын образын т ү зү п, ал ар дын и чк и с ыр ын, к у л к - м ү н ө з ү н жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере билген, тур-

паты улуттук колоритке каныккан актёр. Театрдагы негизги ролдору: Күлүйпа (К. Маликов, «Күлүйпа»), Бурма (Ж. Бөкөнбаев, «Токтогул»), Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Айганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Агафья Тихоновна (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Жамийла (Ч. Айтматов, «Жамийла»), Тангабике (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Сур эчки (М. Байжиев, «Байыркы жомок») ж. б. Кинофильмдерде Эненин (реж. А. Алымбаев, «Тянь-Шань кызы»), Урумдун (Т. Океев, «Бакайдын жайыты»), Айымжандын (Б. Шамшиев, «Каргыш»), Эненин, Сайкал эненин (Т. Океев, «Көк серек», «Ак илбирстин тукуму») ж. б. образдарды жараткан. Ж. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.