ЖАНТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНТАЙ Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бей­шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыба­гыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыр­гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин­чиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башы­нан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз уба­гында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын баш­карган. Андан кийин бийлик анын уулу Таш­танбекке өтүп, ал өлгөн соң Ж-га тийген. 1842– 55-ж. түн. кыргыздардын өз алдынча мамлеке­тин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясаты­на аралашкан. 1846–47-ж. Кенесары Касым уулу­нун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуу­луна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылда­ры адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түн. кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Би­рок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сар­багыш чабышынан кийин алардан алыстай баш­таган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментов­ский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-ж. октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы Маланын аскерин колдогон түн. кыргыз манаптарынын ичинде Ж. да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды же­ңиши Ж-га катуу таасир берип, кокондуктар­дан биротоло кол үзгөн. 1862-ж. Байтик Ка­най уулунун чакыруусу м-н келишкен орус ас­кери Пишпек чебин алганда, Ж. өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-ж. Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул ата­лыктын атынан түн. кыргыз манаптарын өз жа­гына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун ма­наптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу макса­тында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургу­зулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан ж-а Манапбай­лар улантышкан. Ж. алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй р-ндорунда, азыраагы Ысык-Көл р-нунда ту­рушат. Р. Жолдошов.