ЖАНЫБАРЛАР СТИЛИ
ЖАНЫБАРЛАР СТИЛИ – тератол. стиль; алгачкы коомдук түзүлүштүн көркөм иск-восунан келип чыккан, айрыкча көчмөн элдерде (мис., алтай скифтеринде) кеңири тараган орнаменттердин бир түрүнүн аталышы. О. кылымдын кол жазмаларында ж-а жасалга-колдонмо көркөм өнөрүндө да колдонулган. Чыгыш элдериндегидей эле Европа элдеринде да кеңири тараган. Бул түрдөгү оюм-чийимдерге стилдештирип сүрөттөлгөн жомоктогу айбанаттардын ж-а куштардын, өсүмдүктөрдүн таң каларлыктай мотивдери мүнөздүү. Ж. с-нин кайталангыс өзгөчө вариан-



ты байыркы орус көркөм өнөрүндө, алгач – славян элдеринин көркөм өнөрүндө, орус китеп миниатюрасында (9–14-к.) кездешет (мис., Остромиров инжили, 9–14-к.; Новгород ж-а Смоленск кол жазмалары, 14-к.).