ЖАНЫБАРЛАР СТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБАРЛАР СТИЛИ – тератол. стиль; ал­гачкы коомдук түзүлүштүн көркөм иск-восунан келип чыккан, айрыкча көчмөн элдерде (мис., алтай скифтеринде) кеңири тараган орнамент­тердин бир түрүнүн аталышы. О. кылымдын кол жазмаларында ж-а жасалга-колдонмо көркөм өнөрүндө да колдонулган. Чыгыш элдериндеги­дей эле Европа элдеринде да кеңири тараган. Бул түрдөгү оюм-чийимдерге стилдештирип сүрөттөл­гөн жомоктогу айбанаттардын ж-а куштардын, өсүмдүктөрдүн таң каларлыктай мотивдери мүнөздүү. Ж. с-нин кайталангыс өзгөчө вариан-

Алтын арстан. Б. з. ч. 5–3-к.
Жыгачтан жасалган чөмүчтөр. Загорск тарых-көркөм сүрөт музейи.
Шарап үчүн идиш «марани». 1960. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.

ты байыркы орус көркөм өнөрүндө, алгач – сла­вян элдеринин көркөм өнөрүндө, орус китеп ми­ниатюрасында (9–14-к.) кездешет (мис., Остро­миров инжили, 9–14-к.; Новгород ж-а Смоленск кол жазмалары, 14-к.).