ЖАНЫМА ТЕГИЗДИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫМА ТЕГИЗДИКS бетиндеги берилген M чекити аркылуу өтүүчү тегиздик. Тегиздик­тен алынган M1 чекити M чекитине умтулган­да, бул тегиздиктен M1 чекитине чейинки ара­лык MM1 аралыгына салыштырмалуу чексиз кичине чоңдук болот. Эгер S бети z=f(x, y) теңде­меси м-н берилсе ж-а f(x, y) функциясы (x0, y0) чекитинде толук дифференциалга ээ болсо, Ж. т-тин M (x0, y0, z0) чекитиндеги теңдемеси төмөнкүчө жазылат: z–z0= A(x–x0)+B (y–y0). Мында z0=f (x0, y0), A ж-а В – тиешелүү түрдө f м-н x ∂ y жекече туундуларынын (x0, y0) че­китиндеги маанилерине барабар.