ЖАНЫТМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫТМА – чакан проза жанры; болуп өткөн (же келечекте боло турган) ишти, кылык-жо­рукту, факты же окуяны атайын көркөмдөп, образдуу түрдө жандатып, кыйытып айтчу сөз өнөрүнүн салттуу формасы. 1920–30-жылдарда Ж-да жөнөкөй гезиттик кабар м-н көркөм чы­гарманын белгилери аралаш берилген (Ж. аңге­ме, Ж. ыр, Ж. фельетон, Ж. тамсил, Ж. жо­мок). Ад-ттын жалпы идеялык көркөм деңгээ­линин көтөрүлүшү м-н Ж. өз алдынча жанрдык белгилерге ээ болду.