ЖАНЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫШ (1843, азыркы Казак Респ-сы – 1899, Талас өрөөнү) – белгилүү төкмө акын, казалчы, дастанчы. Атасы Абылай хандын чабуулунун


биринде (к. Абылай хандын кыргыздарга жор­туулдары) туткунга кетет. Ж. ошол жакта туу­луп, чыг-лык өмүрүнүн күрдөөлдүү учуру казак жергесинде өткөн. Ал сабаттуу адам болгон.
Өмүрүнүн акырында 1876-ж. Таластагы Чат-Ба­зар деген жерге көчүп келген. Жердештери анын үнүнүн бийиктигин, кооздугун, көбүнчө дин ырларын аткаргандыгын белгилешкен. Кат таа­ныган Токтогазы, Жусупбек, Сүйүнтбек, Ыса аттуу уулдары «Карагул» поэмасын өз оозунан жазып алып, ал кол жазма түрүндө эл арасына тараган. Поэма 1883-ж. Ташкентте Л. Лютш түзгөн хрестоматияда жарык көргөн. Китепте жарыяланган нускасы Ж-тан жазылып алын­ган, ал кол жазманын тексти м-н салыштырып караганда айрым гана стилдик, лексикалык ай­ырмачылыктар болбосо, экөө бир эле чыгарма­ны түзгөн. Мындан башка «Карчыга менен көгүчкөн» деп аталган диндик поэманы да айт­чу экен. Бирок «Кара жаак» аталган чоң акын­дын бизге аз гана чыгармалары келип жеткен. Анын бири – «Коён жылы» (көлөмү чакан). Коён жылында ачарчылык өкүм сүрүп, жут болуп, мал-жан кырсыкка учурап, эл жокчулуктан жа­быркагандыгын, жылдын катаалдыгын баян­даган. Мындан башка бизге жеткен чыгарма­нын бараандуусу – насили кыргыз, чыг-лыгы казак жергесинде калыптанып, казак калкы булбул деген атак ыйгарган Жөжө (казакта Шөже аталат) Каржаубай уулу м-н айтышы. Ж-ты жердештери чоң акын катары мүнөздөйт, анын аткаруучулук жөндөмүнүн бийиктигин айрыкча бөлүп айтышат. Жөжө м-н Ж-тын ай­тышы 1968-ж. биринчи жолу кагаз бетине тү­шүрүлгөн. Жөжөнүн айтыштарда тиш кагып, дасыккан чоң акындыгына карабастан, Ж. сөз­дөн алдырбайт. Дээрлик бардык маалыматтар­да айтышкан учурда Ж-тын отуздан ашканды­гы, Жөжөнүн жетимиштин тегерегинде экендиги маалымдалган. Беттешүү Таласка көчүп келген­ден кийин өтүп, кыргыз акыны катары 1878-ж. айтышка түшкөн. Чыгарманын эки нускасы бар, алар бири-бирин толуктап турат. Бирөө М. Жу­нушалиевдин айтуусунда, ал Ж-тын баласы Кишенбайдан угуп үйрөнгөн экен. Экинчисин К. Алыйманов үзүндү түрүндө жаздырган. Ал айткан нускада эки акындын айтышына, ой бөлүшүүсүнө басым жасалат. Айтыш Байтик­тин айылында, Байтиктин баласы Байсалдын үйүндө өткөн. Ж. «Козу Көрпөш – Баян сулуу», «Кыз Жибек», «Алпамыш» өңдүү казак поэма­ларын, кыргыздын «Отор кан» деген эпосун че­бер аткарган. Бирок, алардын тексти бизге жет­кен жок. 11–12 муундан турган өлөңдүн кыр­гыздарга өтүшүндө, казал формасындагы дин­дик поэмаларды элге жайылтууда акындын кошкон салымы зор. Анын бир топ чыгарма­сын К. Мифтаков 1923-ж. эл оозунан жыйнап алган. Ж-тын «Карагул», «Карчыга, пайгамбар, көгүчкөн», «Коён жылы» аттуу чакан поэмала­ры КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сак­талып турат. Б. Кебекова.