ЖАНЫШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫШТАР , ч а м у с т а р, б у й в о л д о р (Bubalus) – көңдөй мүйүздүү сүт эмүүчүлөрдүн жакын уруулары. Көбүнчө 2 урууну (азия ж-а африка Ж-ы) бириктирет. Дене уз. 100–290 см, куйругу 15–90 см, бийикт. 62–180 см, салмагы 150–1200 кг. Башы чоң, моюну кыска, бутта-


Африка жанышы.

ры жоон ири жаныбар. Эркеги ургаачысынан чоң, мүйүзү да узунураак, жүнү кара күрөң же каралжын. Азия Ж-ы Түш. ж-а Түш. Чыгыш Азияда жашайт. Көбүнчө калың токойлорду, саздуу жерлерди байырлайт, сууда жакшы сүзөт. Африка Ж-ы Сахарадан түштүктү карай түрдүү ландшафтты (кургак саваннадан тропик токой­лоруна чейин) мекендейт. Негизинен өсүмдүк жалбырагы, бутагы, мөмөлөрү, чөп, суу өсүм­дүктөрү м-н азыктанат. Жупташып же чоң топ түзүп (кээде 2000ге чейин) жүрүшөт. 25–30 жыл жашашат. Колго үйрөтүлгөн породалары бүт дүйнөгө таралган. Ж. оор жүк ташуу ж-а сүт алуу үчүн пайдаланылат. Азия Ж-ынын жапайы популяциясы азайып кеткен. Ж-дын бардык тү­рү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.