ЖАҢГАКТАР
ЖАҢГАКТАР (Juglandaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Дарак, чанда бадал. Жалбырагы татаал, жыттуу, чайыр сымал зат бөлүп чыгарат. Сабакта кезектешип жайгашкан, гүлү желекчесиз, майда, сөйкө сымал топ гүлгө чогулган, шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – жаңгак же сөөкчө. Ж-дын 7–8 уруусу, 60 түрү мелүүн же субтропик алкактарда, тропик тоолорунда өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 2 уруусу (жаңгак ж-а лапина) бар. Жаңгак (грек жаңгагы, манжурия жаңгагы) ж-а кария урууларынын түрлөрүнүн чарбада мааниси чоң. Ж-дын мөмөсү желет, жыгачынан эмерек ж. б. буюмдар жасалат. Кырг-нда 4 түрү (грек жаңгагы ж. б.) өсөт.