ЖАҢЫ-АЙЫЛ
ЖАҢЫ-АЙЫЛ – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Халмион айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 14 км түн.- батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 51 км. Калкы 1001 (2010); негизинен жашылчачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Башталгыч мектеп, ФАП бар.