ЖАҢЫ-АЛАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АЛАЙ – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыштак. Жаңы-Алай айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 2660 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кыш-нан 125 км түн.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 25 км. Кыштак 1969-ж. негизделген. Калкы 2112 (2007); неги­зинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт.