ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ
ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталынан агып түшкөн Жаңы-Арт суусунун төрүнөн орун алган. Уз. 11,3 км, аянты 15,3 км2. Дээрлик меридиан багытында жатып, аяк бөлүгү гана түн.-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп, тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жогору жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары м-н курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5160 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Этеги бийикт. 15–20 м келген морена догосу м-н курчалган. Мөңгүдөн Жаңы-Арт суусу башталып, Ак- Шыйракка оң жактан куят.