ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ
ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борб.
Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш Ж.-А. б. м.). Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан. Б а т ы ш мөңгүсүнүн уз. 9,5 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5335 м, этеги 3530 м бийикте жатат.
Эски морена мөңгүнүн азыркы этегинен 1,6 кмге ылдый жатат. Этегинде тоо тектердин сыныктары үйүлгөн. Мында мөңгүнүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяктайт. Морена м-н мөңгүнүн ортосу аркылуу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жыраңдуу нук жатат. Оң жактагы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-ж. мөңгү 400 мге тартылган. Чыгыш тарабында, мурда анын бир тармагы болгон
Ч ы г ы ш мөңгүсү жатат. Уз. 8,2 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4940 м, этеги 3630 м бийикте жатат. Ал негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 м бийикте жатат). Калыңдыгы этегинде 70 м. Капталдардагы мореналардын калыңдыгы 30–40 мге жетет. 1943–62-ж. 190 м тартылган. Мөңгүлөрдөн агып
чыккан суулар Жаңы-Артка оң жактан куят.