ЖАҢЫ-АРЫК 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Нарын обл-нун Жумгал р-нун­дагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна ка­раштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңг. 2150 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору Чаек кыш-нан 45 км чыгыш тарап­та. Балыкчы т. ж. бекетинен 135 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1347 (2007); негизи­нен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.