ЖАҢЫБАЙ
ЖАҢЫБАЙ Кожек уулу (1869, Жумгал өрөөнү – 1942, Токтогул р-ну, Өзгөрүш айылы) – манасчы. 1890-жылдын аяк ченинен Кетмен-Төбөдө жашаган. Манасчынын эскерүүсүндө анын жети атасы тең (Айдарбек, Сүйүнбай, Сакечүк, Теңирбай, Сары, Жаманкара, Кожек) «Манас» айткан. «Манасты» атасы Кожектен үйрөнүп, он алты жашынан айта баштаган. «Көкөтөйдүн ашын», «Чоң казатты», о. эле «Семетей», «Сейтек» эпосторун толук айткан. Ж-дан жалпы көлөмү 19445 сап ыр жазылып алынган. Ал «Эр Табылды», «Эр Төштүк» эпосторун, элдик поэма «Ак Мөөрдү» ж-а салт ырларын да билген. Ж. үчилтиктин «Семетей» м-н «Сейтек» бөлүмдөрүн айтуу м-н атасы сыяктуу эле негизинен эл арасына семетейчи катары таанылган. Ал «Семетей» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү салты м-н байланыштырган. 1936-ж. Фрунзеде өткөрүлгөн кароо-конкурска Ж. да катышып, анын «Семетейи» башка семетейчилердикине үндөшпөгөндүктөн, жалпы салттык үлгүгө салыштырылып, идеялык мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүгү, башка семетейчилерден айырмачылыгы бар экени бааланбастан, үстүртөн гана уйкаштыгы начар деген жыйынтык м-н жокко чыгарылган. К. Мифтаков семетейчинин чыг-лык бөтөнчөлүгүн учурунда туура баалап, 1936-жылдын сентябрынан 1937-жылдын март айына чейин 100 басма табак көлөмүндө «Семетейди» толук ж-а «Манас» бөлүмүнөн кара сөз түрүндө «Манастын санжырасын» ж-а ыр м-н кыскача «Манастын балалык чагы» деген эпизоддорду жазып алган. Ж-дын «Семетейинде» элдин жай турмушу, сезим күрөштөрү сыяктуу турмуш көрүнүштөрүнө өзгөчө көңүл бурулган, эпостун жалпы сюжеттик нугу өзгөрүлбөстөн сакталган.