ЖАҢЫБАЕВ
ЖАҢЫБАЕВ Омор (1916, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Арал айылы – 29. 12. 1983, ошол эле жер) – педагог, сов.-парт. кызматкер. Кырг-н КП БКнын алдындагы респ. парт. мектепти (1951), К

ыргыз мамл. пед. ин-тту
(1955) бүткөн. Арал айылына туңгуч башталгыч мектепти курган, кийин жатаканалуу орто мектептин курулушун бүткөрүп (1958), анда 30 жылдан ашуун директор, мугалим, партиянын Жети-Өгүз р-ндук к-тинде инструктор (1948– 51), Талды-Суу р-ндук «Колхоз туусу» гезитинде жооптуу редактор (1953–54) болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колхоздун партуюмунун секретары ж-а оокаттуу адам катары айылдагы жетим-жесир, жакыр адамдарга материалдык жардам көрсөтүп турган. Ооруктагы эмгегинин зарылдыгынан улам согушка катышпай калгандыгына байланыштуу өз малын сатып, Кызыл Армияга жардам катары самолёт курууга 40 миң сом жөнөткөндүгү үчүн 1943-ж. И. В. Сталинден алкыш кат алган. «1941–
45-ж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы м-н сыйланган.
К. Жакыпова.