ЖАҢЫ-БАЗАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-БАЗАР – Ош обл-нун Ноокат р-нунда­гы кыштак. Н. Исанов атн. айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 1380 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 14 км чы­гыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 54 км. Кыш­так 1800-ж. негизделген. Калкы 1631 (2007); не­гизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто ж-а негизги мектептер, кесиптик-тех. окуу жайы, мад-т үйү, клуб, китепкана, оорукана, поликли­ника бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү иштейт.