ЖАҢЫ-ЖОЛ 2
ЖАҢЫ-ЖОЛ – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 3 км батыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 186 км. Калкы 2016 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, балабакча, ФАП, клуб, китепкана бар.