ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ
ЖАҢЫ КАЛЕДО́НИЯ – Франциянын ээлиги; Тынч океандын түш.-батышындагы аралдар тобу. Меланезияга кирет. Жаңы Каледония а-н, Луайоте, Пен ж. б. аралдарды камтыйт. Жалпы аянты 19 миң км2. Калкы 214,0 миң (2004); негизинен канакилер (меланезиялыктар), о. эле европалыктар, вьетнамдар, индонезиялыктар ж-а полинезиялыктар (3%) да бар. Католицизм

ж-а протестантизм диндерин тутат. Расмий тили – француз тили. Адм. борбору – Нумеа ш. Адм.-айм. жактан 3 провинцияга (Түндүк, Түштүк, Луайоте а.) бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Ж. К. аралы шуру рифтери м-н курчалган; батышында анын уз. 600 кмден ашык. Эң бийик жери деңиз. деңг. 1628 м (Жаңы Каледония а-нда). Климаты тропиктик. Айлык орт. темпрасы кышында 24–26°С, жайында 20°С. Жылдык жаан-чачыны чыгышында 3000 мм, батышында 700 мм. Тропиктик ураган болуп турат. Ийне жалбырактуу ж-а сейрек токой, бийик өскөн өсүмдүктөр мүнөздүү.
Ээликти Франция өкмөтү дайындаган жогорку комиссар башкарат. Аралды 1774-ж. Ж. Кук ачып, Шотландиянын байыркы аты м-н (Каледония) атаган. 1853-ж. Франция ээлиги деп жарыяланган. 1864–96-ж. сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланылган. 1946-ж. Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» деген статус алган.
ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 14 750 долларды түзөт (2004). ИДПде а. ч.-нын үлүшү 2%тей, ө. ж-ныкы 22,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү


72,6%. Экономикасынын негизин тоо-кен ө. ж. түзөт. Никель өндүрүү б-ча дүйнөдө 3-орунда (жалпы запасы 50 млн т); о. эле темир, хром, кобальт, марганец, цинк, коргошун казылып алынат. Металлургия ө. ж., а. ч. сырьёсун иштетүүчү, тактай тилүүчү з-ддору, эмерек ф-касы, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт.
А. ч-нда экон. активдүү калктын 20%и иштейт. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: жашылча, мөмөжемиш, дан өсүмдүктөрү, кокос пальмасы, кофе, ваниль. Уй, чочко, кой асыралат. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жылына 3 миң тдай балык кармалат.
Жолунун жалпы уз. 5432 км. Нумеа ш-нда аэропорт бар. Жыл сайын Ж. К-га 100 миңге жакын

чет элдик турист (француздар, япондор, австралиялыктар, жаңы зеландиялыктар ж. б.) келет. Никель, рудасы ж. б. экспортко чыгарылып, машина куруу продукцияларын, электр-техни-
ка, азык-түлүктү сырттан алат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Япония, Австралия, Корея Республикасы, Жаңы Зеландия, Сингапур.
1974-ж. никель кенин иштетүүнү жерг. башкарууга өткөрүүнү талап кылган жалпы элдик көтөрүлүш болгон. 1981-ж. француз өкмөтү Ж. К-га көз каранды эместикти берүүгө убада берген. 1998-ж. майда Нумеа ш-нда Франциянын премьер-министри Л. Жоспен келишимге кол койгон. 1998-ж. 8-ноябрда референдум (келишимди колдоо б-ча) өткөрүлүп, аны эл толугу м-н колдогон. 15–20 жылдын аралыгында Ж. К-нын эгемендүүлүгү акырындап кеңейип, толугу м-н көз каранды эместикке жетише алган. Беш жогорку окуу жайы иштейт.
Ад.: Новая Каледония // Все о странах мира. Атлас справочник. М., 2006. Р. Карачалова.