ЖАҢЫ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КОРГОН – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Бирлик айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 1920 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 45 км. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 90 км. Калкы 1052 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.