ЖАҢЫ-КОРГОН
ЖАҢЫ-КОРГОН – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Бирлик айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1920 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 45 км. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 90 км. Калкы 1052 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.