ЖАҢЫ-КЫШТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КЫШТАК – Ош обл-нун Кара-Суу р-нун­дагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 920 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 8 км. Калкы 6002 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП бар.