ЖАҢЫЛМАЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫЛМАЧ – айтууга кыйын болгон уйкаш муундардын, сөздөрдүн туташ келишинин не­гизинде түзүлүп, ылдам айтканда жаңылып, сөз­дү так айта албай кала турган сөз тизмектери; фольклордук күлкүлүү чакан жанр. Тыбыштар­дын окшоштугу – Ж-тын айныбас композиция­лык принциби. Ошондуктан Ж-та көркөм сөздөгү добуштук окшоштуктарды жаратуучу алли-


терация, ассонанс, анафора, тавтология, эвфо­ния, рифма, редиф сыяктуу формалар жыш учу­райт. Ал айтылышы үндөш тыбыштардан тур­ган сөз тизмектеринен атайын курулуп, жаш муундарды өз эне тилинде так ж-а уккулуктуу сүйлөөгө, чечендикке, көркөм сөздү кастарлоо­го тарбиялайт.