ЖАҢЫ-НООКАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-НООКАТ – Ош обл-нун Ноокат р-нун­дагы кыштак. Жаңы-Ноокат айыл округуна ка­раштуу. Кичи Алай кырка тоосунун этегинде, Чили-Сай суусунун боюнда, деңиз деңг. 1490 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 10 км батыш тарапта. Ош т. ж. бекети­нен 50 км. Кыштак 15-к. ченде пайда болгон. Калкы 20 116 (2007); негизинен дыйканчылык­та эмгектенип, мал чарбасы м-н алектенет. Эки орто мектеп, китепкана, клуб, соода түйүндөрү, дарыканалар бар. Бир АК, 2 ФАП, төрөт үйү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Кыштактын түш. тарабында таштагы байыркы жазуулар сакталган.