ЖАҢЫ-ТАЛАА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТАЛАА – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Карагуз айыл округуна ка­раштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңг. 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ка­ра-Кулжа кыш-нан 20 км түш.-батыш тарап­та. Кара-Суу т. ж. бекетинен 114 км. Кыштак 1961-ж. отурукташкан. Калкы 1471 (2007); не­гизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу бар. Тегирмен, май жуаз, пилорама, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.