ЖАҢЫ-ТАЛАП (Ак-Талаа районундагы кыштак)
ЖАҢЫ-ТАЛАП – Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нундагы кыштак. Жаңы-Талап айыл округуна караштуу. Куртка суусунун оң өйүзүндө, Нарын – Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыш-нан 45 км түн. тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 270 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1983 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана, мад-т үйү бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу Ш. Бейшеналиев туулган.