ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ – РКП(б)- нин 10-съездинде (1921-ж. март) көп укладдуу экономиканы жандандыруу үчүн В. И. Ленин тарабынан сунушталган антикризисттик про­грамма. Жарандык согуш (1918–20) ж-а андан кийин большевиктер жүргүзгөн «согуштук ком­мунизм» саясаты өлкөнүн экономикасын толук бүлгүнгө учураткан. Ж. э. с. негизинен экон. кризистерден келип чыккан социалдык чыңа­лууну жоюу м-н Совет бийлигинин базасын чыңдоо, жумушчу-дыйкандар союзун бекемдеп, экон. жактан бүлүнгөн чарбаны кризистен алып чыгып, аны калыбына келтирүү, соц. коомду курууга ыңгайлуу база түзүү үчүн кабыл алын­ган. Ж. э. с. учурунда мурунку а. ч-дагы азык­түлүк чачымы натуралдык салык м-н алмаш­тырылган ж-а ал мурункудан 2 эсе аз болгон. Бардык мамл. тапшырма аткарылгандан кийин дыйканга калган түшүмүн эркин сатууга укук берилип, жерди ижарага алууга, жалданма жу­муш күчүн колдонууга мүмкүнчүлүк алган. К. Алымкулов.