ЖАПАЙ
ЖАПАЙ Көкташ уулу (болжолу 1870-жылдар – 1918) – сарбагыш уруусунун белгилүү манаптарынын бири. Үмөтаалы Ормон уулунун небереси. Кырг-н Россия империясынын карамагына киргенден кийин Кочкор өрөөнүндөгү Ниязбек, Борукчу, Семиз-Бел, Жоон-Арык болуштуктарындагы эл бийлеген төбөлдөр анын таасиринде болгон. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө орус баскынчыларына каршы күрөшкө активдүү катышып, аны уюштуруучулардын башында турган. Көтөрүлүш башталганда, бул өрөөндүн батышындагы черикчи тукуму Канат Ыбыке уулун «хан» көтөрүшкөндө, чыгыш жагы Ж. Көкташ уулунун демилгеси м-н Тезекбай Түлкү уулун «хан» шайлашат. Көтөрүлүшчүлөрдүн бул тобу өрөөндүн борбору – Столыпино кыш-н талкалап, андагы орус келгиндерин сүрүп чыгышкан. Жазалоочу аскер тобунун келиши м-н Ж. Көкташ уулу өз эли м-н Кытайга качып барып, 1918-ж. кайра келген. Бул учурда падышалык бийлик кулатылганына карабай, көтөрүлүштү уюштуруучулардын бири катары күнөөлөнүп, Токмок ш-на жакын Шор-Төбө деген жерде атылган. Р. Жолдошов.