ЖАПАРОВ Абдыкул

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Абдыкул (20. 9. 1920, Чүй обл., Мос­ква р-ну, Жарды-Суу айылы – 2. 3. 1999, Биш­кек) – тилчи, филология илимд. доктору (1967). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1987). Фрунзе ш-ндагы жумушчу ф-тин бүтүргөн (1937). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1940– 44). Москва р-нундагы Будённый орто мектебин­де директор, ошол эле райондун Орто-Суу орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы (1944– 47). Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн соң (1947), Кыргыз ССР агартуу министрлигинде ин­спектор (1947–49), КМУда окутуучу, проф. (1951– 99). Ил. эмгектеринде сөз айкашынын синтак­сиси, сүйлөм мүчөлөрүнүн теориясы, жөнөкөй ж-а татаал сүйлөмдүн синтаксиси б-ча маселе­лери иликтөөгө алынган. Ал 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени м-н сыйланган.


Эмг.: Кыргыз тилинин грамматикасы. 2-бөлүк. Синтаксис: 6–7-класстар үчүн. Ф., 1950, 1959; Азыркы кыргыз тили. Ф., 1966; Кыргыз тилинин синтаксиси. Ф., 1979.