ЖАПЫШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПЫШЕВ Рысбай (1933-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Будалык кыш.) –

малчы, Соц. Эмг. Бааты­ры (1986). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмг. сиң. устат (1976). Эмгек жо­лун 1948-ж. Ош обл-нун Гүл­чө р-нундагы (азыр Алай р-ну) «Октябрь» колхозун­да чабандын жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1960-жылдан баш чабан. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты натыйжаларга же­тишип, 1985-ж. биринчи туут койдун ар жүзүнөн 127ден козу, ар койдон 5,2 кгдан жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.