ЖАР
ЖАР – бир жагын суу жеп кеткен же урап калган бийик тик жер; кемер, суунун кемерленген бийик жээги; тоонун бир жагы урап калган бети. Көл, деңиз жээктеринде да пайда болот. Ж-лардын пайда болушуна тоо боорунда ж-а таманында пайда болгон төмөндөөлөр, чуңкурайткан издер, бороздойлор, аңдар кеңейип, бирибирине кошулушу негиз болот. Көбүнчө агын суу, көл шарпылдагы, жаан-чачын суусу чопо,

сары топурак, кум ж. б. борпоң тектерден түзүлгөн жерлерди жемирип кетишинен пайда болот. Ж-дын уз. жүздөгөн мден бир нече кмге, туурасы бир нече мден ондогон мге, ал эми тереңдиги ондогон мге чейин жетет. Эгерде Ж. пайда болуу токтосо, ал жерде чөп м-н бадалдар өсүп, Ж. «балкага» же кокту-колотко айланат. Ж. пайда болуу процесси а. ч-га орчундуу зыян келтирет. Аны токтотуу иш-чаралары эрозияга каршы агротех. ж. б. ыкмаларды колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Ж-лар КМШнын европ. бөлүгүндө, Кытайдын лёсстуу аймактарында, АКШда ж. б. жерлерде кеңири таралган. Кырг-нда ага байланыштуу Жар- Башы, Айгыр-Жар, Жар-Таш, Кызыл-Жар ж. б. топонимдер бар.