ЖАРАМАЗАН
ЖАРАМАЗАН (фарсча ярамазан) – орозо (мусулман календары б-ча рамазан же рамадан) айында, асыресе, айдын экинчи жарымында түнкүсүн үймө-үй кыдырып ырдалуучу эски диний ж-а каада-салт ырлары. Ж-ды илгери көбүнчө балдар, кээде чоңдор (демейде кедейлер) айтышкан. Ж. айткандар эки-үчтөн болуп алып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып, үй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык-бакыт, кармаган орозосунун кабыл болушу сыяктуу жакшы тилектерин билдиришкен. Ж. учурашуу, мактоо, суроо ж-а бата сыяктуу бөлүктөрдөн турган. Ж. туруктуу даяр ыр түрмөктөрүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө ж-а ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе алган. Ж. комуздун коштоосунда да аткарылат.