ЖАРАМАЗАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАМАЗАН (фарсча ярамазан) – орозо (му­сулман календары б-ча рамазан же рамадан) айында, асыресе, айдын экинчи жарымында түнкүсүн үймө-үй кыдырып ырдалуучу эски ди­ний ж-а каада-салт ырлары. Ж-ды илгери көбүнчө балдар, кээде чоңдор (демейде кедейлер) айтышкан. Ж. айткандар эки-үчтөн болуп алып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып, үй ээсинин ка­дыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык-ба­кыт, кармаган орозосунун кабыл болушу сыяк­туу жакшы тилектерин билдиришкен. Ж. учу­рашуу, мактоо, суроо ж-а бата сыяктуу бөлүк­төрдөн турган. Ж. туруктуу даяр ыр түрмөктө­рүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө ж-а ар кыл кырдаалга жараша алымча-ко­шумча киргизе алган. Ж. комуздун коштоо­сунда да аткарылат.