ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ – калкты душмандын мүмкүн боло турган кол салуусунан сактоо ж-а эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кы­луу максатында тынчтык ж-а согуш мезгилин­де жүргүзүлүүчү жалпы мамл. коргонуу чарала­рынын системасы. Калкты ж-а чарбаны коргоо чаралары 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) убагында эле башталып, 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) учу­рунда маанилүү роль ойногон. Куралдуу күчтөрдө ядролук куралдардын, ракеталардын пайда бо­лушуна ж-а көбөйүшүнө байланыштуу 1950- жылдардан ири мамлекеттердин көпчүлүгүндө Ж. к. түзүлгөн. 1972-жылдан Ж. к-нун эл ара­лык уюму уюшулуп, ага Африка, Латын Аме­рика ж-а Азия өлкөлөрү кирген. Ж. к-га жал­пы жетекчиликти өлкөнүн өкмөтү, ал эми жер­жерлерде жерг. өкмөт уюмдары жүргүзөт. Ж. к. тынчтык ж-а согуш мезгилинде пайда болгон коркунучтардан калкты коргоо ж-а коргонуу ыкмаларына үйрөтүү, калкты, материалдык ж-а маданий дөөлөттөрдү кыйроодон сактап калуу үчүн кечиктирилгис иштерди жүргүзүп, аларды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү коммунал­дык-тех. кызматтардын ж-а коммуникациялар­дын туруктуу иштешин камсыз кылуучу шарт­тарды түзүү, азык-түлүктү, сууну сактоо ж. б. милдеттерди аткарат. Ж. к. аймактык-өндүрүш­түк принцип б-ча уюштурулуп, Ж. к. жаатын­дагы иштер «Жарандык коргонуу жөнүндө» КРдин мыйзам жоболору ж-а ченемдик-укук­тук актылары м-н жөнгө салынат. Өлкөбүздө Ж. к-ну КРдин Премьер-министри жетектейт. КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Ж. к. башкы башкармалыгы, облустарда, Биш­кек, Ош ш-нда Ж. к. башкармалыктары, район­дордо ж-а шаарларда Ж. к. бөлүмдөрү, ми­нистрликтерде, мамл. к-ттерде, адм. ведомство­лордо Жарандык коргонуу штабы бар. Ж. к. күч­төрүнүн уюштуруу түзүмү ж-а штаттык саны КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабы­нан аныкталат ж-а КРдин Президенти тарабы­нан бекитилет.