«ЖАРЖАР»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАРЖАР» – байыртан түрк элдеринин үйлөнүү тойлорунда обон м-н, кээде айтыштын алым­сабак түрүндө, кээде жалгыз киши аткаруучу өзүнчө салт ырлар. «Ж.» ырлары 11 муундуу негизги бөлүктөн ж-а 2 муундуу кайталоодон турат (мис., Асмандагы жылдызды сегиз деңер, жаржар, Сегиз кыздын серкери келди деңер, жар­жар, Эки жаштын тилегин берди деңер, жар­жар.). «Ж.» ырларынын жанрдык белгилери – жар көрүүдө, тойдо ырдалышы, кыздын төр­күндөрү м-н коштошуусу, бала тилөө мотивде­ринин болушу, обондуулугу, о. эле «жаржар» деген сөздүн ар бир сапта кайталанышы.