ЖАР КӨРҮҮ
ЖАР КӨРҮҮ – үйлөнүү үлпөтүнө чейин аткарылуучу жөрөлгө. Эки тарап кудалашкандан кийин болочок күйөө бала жолдош ээрчитип, колуктусунун айылына келип, четирээк жерге түшөт. Ошол жерге кыз тараптагылар атайы боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүүнү күйөө бала тараптан талап кылышат. Оюн жүрүп жаткан маалда кыз-күйөө 1-жолу бирин бири көрүшкөн. Салт б-ча кыздын жеңелери кыз-күйөөнү бири бирине далыларын тийгизип, анан экөөнү бир сол, бир оң жагынан кайрылтып өбүштүргөн. Ж. к. токмок салуу ж. б. оюндар м-н коштолгон. Кыз тарап, жигит тарап болушуп, жаржар ырдашып, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин талаптарын аткарып, камдай келген белектерин тартуулашкан. А. Көчкүнов.