ЖАРКЫМБАЕВ 2
ЖАРКЫМБАЕВ Казак (10. 11. 1911, Ысык- Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Таштак кыш.– 10. 7. 1969, Кароол-Дөбө кыш.)

– Сов. Союз. Баатыры (1945). 1941-жылдын июлунан Кызыл Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 287-гвардиялык аткычтар полкунун (95-гвардиялык аткычтар дивизиясы, 5-гвардиялык армия, 2-Украин фронту) мээлегичи, гвардиянын кенже сержанты. 2-Украин фронтунда согушуп, Молдавиядагы Дубоссары кыш-н бошотууда ж-а Днестр д-нан өтүүдө өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал дарыянын батыш жээгине өтүп, душмандын контр чабуулунун мизин кайтарып, 2 станоктуу пулемётту, гитлерчилердин 2ден ашык взводун жок кылган. Плацдармды коргоп калышкан. Согуштан кийин айылына келип, өмүрүнүн акырына чейин өз колхозунда эмгектенген. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Ысмы өзү туулуп-өскөн кыштакка, мектепке, көчөгө ыйгарылган.