ЖАРКЫНАЙЫМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКЫНАЙЫМ , Х а к и м а й ы м, М а л и­к а а й ы м (т. ж. б. – 1868, Кокон) – Шералы хандын аялы, Кудаяр хан Сарымсак, Султан­мураттын энеси; 19-к-дын орто ченинде жашап өткөн, кыргыз элинен чыккан белгилүү аялдар­дын бири. Кыргыздардын сол канатына кирген саруунун баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы. Оозеки маалыматтар б-ча Ж. азыркы На­манган обл-нун Үйчү р-нуна караштуу Аксыкент деген жерде туулган. Энеси Акбала өнөрлүү бо­луп, темир комузда ойногон. Атасы Токтоназар өлгөндөн кийин Ж-дын агасы Кедейбай датка анын урук-туугандарын азыркы Аксы р-нунда­гы Кара-Суунун жээгиндеги Топ-Жаңгак айы­лына көчүрүп келген. Ж. өзүнүн акылдуулугу м-н Шералы ж-а Кудаяр хандардын доорунда Кокон ордосунун эң таасирлүү адамдарынын би­рине айланган. Ж-дын коомдук, саясий мамл. ж. б. иштерге кийлигишүүсү Шералынын Ко­конго хан болушунан башталат (1842) ж-а көп мамл. иштер анын катышуусу м-н ишке аш­кан. Мис., Касым миң башыны өлүм жазасы­нан бошотууга салым кошуп, Мусулманкулдун дарга асылышын колдогон. Кыргыз төбөлдө­рүнүн ордодогу бийликке аралашып, бийлик үчүн болгон күрөштө, отурукташкан калк м-н көчмөн элдин ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө чоң роль ойногон. Ордодо тынымсыз жүрүп турган саясий оюндар акыры Нүзүптүн түбүнө жете­рин билип, андан айрылса, бийликтен да ай­рыларын күйөөсү Шералыга бир нече жолу эс­керткен. Уулу Кудаяр хан да Ж-дын акылынан чыкпаган. Ж. ордодогу хан сарайдын короосун­да кышы-жайы кыргыздын боз үйүн тиктирип, өмүрү өткөнчө ошондо жашаган. Ж. өлгөндө Кудаяр хан үч күн бою тынбай ыйлап, сөөгүн көтөрүшүп барып, өз колу м-н көмгөнү тары­хый булактарда айтылат.


Ад.: Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хан­дарынын тарыхы. Б., 2007; Наливкин В. П. Краткая


история Кокандского ханства. Казань, 1886; Алым­бектин санжырасы. Б., 2007. Ж. Алымбаев.