ЖАРЧЫ
ЖАРЧЫ – Улуу Октябрь рев-ясынан мурда О. Азия элдеринде, а. и. кыргыз элинде да хан,
бек, болуш сыяктуу жерг. башкаруучулардын буйругун, жардыгын эл кыдырып, чогулган топко жарыялоочу киши. Ж. аш-той же кыз-оюну башталарда анын тартиби, жүрүшү, көрсөтүлүүчү оюндун түрү, байгеси ж-дө жарыя кылган.
О. эле жок жоготкондо да (мал, буюм ж. б.) Ж. атайы эл аралап, жар салган. Ж. элге адатта ырдап, жамактап, кээде кара сөз м-н кайрылган. Кийинчерээк анын милдетин көбүнчө ырчылар аткарып, ошондон улам аш-тойго байланыштуу айтылган жарыя кээде көркөм чыгарма деңгээлине жеткен учурлар болгон. Ж. өз доорунда карым-катнаш, байланыш жасоодо чоң милдет аткарган.