ЖАРЫК АРАЛЫК ЧЕНЕГИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК АРАЛЫК ЧЕНЕГИЧ , о п т и к а л ы к ч е н е г и ч – аралыкты жарык (оптикалык нурдун) басып өткөн убакыт б-ча ченөөчү ку­рал. Ал жарык булагы, анын параметрин (өлчөмүн) тескөөчү түзүлүш, берүүчү, кабыл алуу­чу система (түйүн), фото-кабыл алгыч ж-а уба­кыт аралыгын ченегич түзүлүштөрдөн турат. Ж. а. ч. нурдун объектиге чейин ж-а андан кай­ра келүү убактысын эсептөө ыкмасына жараша импульстуу ж-а фазалуу болуп бөлүнөт. И м­п у л ь с т у у Ж. а. ч-те нурлануу булагы катары лазер колдонулат. Анын нуру кыска им­пульс түрүндө таралат. Жай өзгөрүүчү аралык­ты ченөөдө жекече импульстуу, тез өзгөрүүчү ара­лыкта нурлануунун импульстук режими (тар­тибин) пайдаланылат. Ф а з а л у у Ж. а. ч-те жарык булагы катары кызытма же газ-жарык лампалары, жарык диоду ж-а лазер колдо­нулат. Оптикалык чагылдыргычы бар газ-ла­зерлүү Ж. а. ч. 100 кмге чейинки аралыкты аныктайт.