ЖАРЫК ДИСПЕРСИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ДИСПЕРСИЯСЫ – заттын сынуу көр­сөткүчүнүн n жарык толкунунун жыштыгына ν (толкун узундугуна λ) көз карандылыгын мү­нөздөөчү кубулуш. Ж. д-нын негизинде ак жа­рык нуру үч кырдуу призмадан өткөндө, спектр­лерге ажырайт (к. Оптикалык спектр). Бул спектрди изилдөө м-н И. Ньютон Ж. д-н ачкан (1672). Тунук заттардын сынуу көрсөткүчү (n) жарык толкунунун жыштыгына (ν) түз, тол­кун узундугуна (λ) тескери пропорциялаш, ал спектрдеги түстөрдүн жайгашышын шарттайт; nдин λга болгон көз карандылыгы к а д и м­к и Ж. д. деп аталат. Заттын жарыкты жутуу тилкесине жакындаганда λ м-н nдин өзгөрүшү татаал болот. Затта жарыктын сынышы жа­рыктын фазалык ылдамдыгынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында болот. Мындай учурда заттын сынуу көрсөткүчү (n) төмөнкү формула м-н аныкталат: n=с ⁄ сф, мында сф– жарыктын бе­рилген аралыктагы фазалык ылдамдыгы, с – вакуумдагы жарык ылдамдыгы. Жарыктын электр-магниттик теориясы б-ча сф=с/εµ, мын­дагы ε – диэлектрдик өткөрүмдүүлүк, µ–магнит­тик өткөрүмдүүлүк. Тунук заттардагы Ж. д. спектр алеттерин (приборлорун), ахроматтык линза жасоодо колдонулат.