ЖАРЫК ДИФРАКЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ДИФРАКЦИЯСЫ – жарык толкуну­нун жолунда кезиккен тоскоолдукту айланып өтүү ж-а таралуу багытын өзгөртүү кубулушу. Дифракция жаратылыштагы толкундарга тие­шелүү кубулуш болгондуктан, Ж. д. жарыктын толкундук касиетинин пайда болуу ж-а геом. оптикага өтүү шарттары м-н тыгыз байланыш­туу. Бул кубулушту 17-к-да итал. физик ж-а астроном Ф. Гримальди ачкан. Ал эми Ж. д. теориясын фр. физик О. Френель түзгөн (1816). Бул теория Гюйгенс-Френель принцибине негиз­делген ж-а жарыктын мейкиндикте таралышын түшүндүрөт. Бирок бул принцип мейкиндиктин ар кандай чекитиндеги жарыктын ургаалдуу­лугун табууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай кыйынчылыкты Френель зоналык тилкелер ык­масын колдонуп чечкен. Мис., чекиттик булак­тан чыккан жарык тешикче (сүрөт а) же тунук эмес тегерек нерсе (сүрөт б) аркылуу өткөндө, экранда жарык ж-а караңгы тегерек сүрөттө-

Жарыктын дифракциялык шакекчелери: а – тегерек тешиктен өткөндө; б – тегерек экрандан кийин.

лүштөр байкалат. Эгер тешикчеге френель зона­сынын жуп саны сыйса, дифракциялык сү­рөттөлүштүн борборунда кара так, ал эми так сан сыйса, жарык көрүнөт. Көпчүлүк спектр алеттеринин (телескоп, микроскоп) иштеши Ж. д-на негизделген. Лазердин пайда болушу Ж. д-н туура ж-а кеңири түшүндүрүүгө көмөкчү болду.