ЖАРЫМ АРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ АРАЛ – кургактыктын деңизге же дарыяга кирип, үч тарабынан суу м-н курчалып турган бөлүгү. Ж. а. пайда болушу б-ча мате­риктик (б. а. тектон. курамы б-ча материктин бир бөлүгү), өз алдынча пайда болгон (өз ал­дынча түзүлүп, кийин кургактык м-н туташып калган Ж. а., мис., Индстан Ж. а.), аккумуля­циялык (суу бетинин түрдүү деңгээлинде тол­кундун аракетинен пайда болгон Ж. а., мис., Каспий деңизиндеги Бозочу Ж. а.) болуп бөлүнөт.


Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Кайкура жарым аралы.

Кырг-ндагы ири Ж. а-га Ысык-Көлдөгү Тасма, Чолпон-Ата, Кара-Булуң Ж. а-дары кирет.