ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР
ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР – электр өткөрүүсү металлдыкынан (106–104 Ом–1см–1) аз ж-а диэлектриктен (10–8 – 10–12Ом-1см–1) чоң болгон заттар. Металлдан айырмаланып, темп-ра көтөрүлгөндө электр өткөргүчтүгү жогорулайт, тескерисинче, төмөнкү темп-рада азаят. Электр өткөргүчтүгүнө темп-радан башка жарык, электр талаасы, бөлүкчөлөрдүн агым ылдамдыгы ж. б. таасир этет. Ж. ө. кристалл, аморфтук ж-а суюк заттардан туруп, аларга Ge, Si ж. б. кирет. Электрондор ж-а көңдөйчөлөр заряд алып жүрүүчү болуп эсептелет. Идеалдуу кристаллда алар түгөйлөш жүрүп, концент-сы бирдей болот. Ал эми реалдуу кристаллда электрондор м-н көңдөйчөлөрдүн концент-сынын тең салмактуулугу бузулушу мүмкүн, бул учурда өткөрүмдүүлүк алып жүргүчтүн бир гана тиби (электрон же көңдөйчө) м-н ишке ашырылат. Эгер кристаллдын кандайдыр бир зонасы электронго толуп, ал эми экинчиси таптакыр бош ж-а чоң тоскоол кеңдигине ээ болсо анда ал диэлектрик болот. Темп-ра Т=0 болгондо чала толгон зоналары жок ж-а тоскоол зонасы диэлектриктикинен кууш кристаллдар Ж. ө. деп аталат. Ж. ө. таза (элементардык) ж-а аралашмалуу болуп экиге бөлүнүшөт. Таза Ж. ө-дү түзүүчү 12 элементтин ар бири монокристаллдарды түзүшөт. Алар Менделеевдин таблицасынын III тобунан Бор (5В); IV топтон: 6С, 14Si, 32Ge, 50Sn; V топтон 15Р, 32As, 51Sb; VI топтон 16S, 34Se, 53Tl; VII топтон 53J. Аралашма Ж. ө-гө жогоруда каралган Ж. ө-дүн аралашмалары, алардын Ж. ө-кө кирбеген элементтер м-н болгон аралашмалары, о. эле орг. заттардын аралашмаларын да камтыган өтө көп түрлөрү кирет. Негизинен 2 типтеги аралашма Ж. ө. кездешет. Эгерде таза Ж. ө-гө валенттүүлүгү жогору болгон элементтер (донорлор) кошулса, анда n тибиндеги Ж. ө-дү алабыз. Жарым өткөргүчтүү материалга (мис., кремний, германий монокристаллдары ж. б.) кошунду атомдордон бир аз кошуп, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга болот. Бул учурда көңдөйчөгө караганда электрондору көп n тибиндеги же электронго караганда көңдөйчөсү көп р тибиндеги Ж. ө. пайда болот. Качан гана n ж-а р тибиндеги материалдар биригип, р–n өткөөлү түзүлгөндө электр тосмосу пайда болуп, токту бир багытка жакшы, ал эми экинчи багытка начар өткөрөт. Ж. ө. электр, радио, жарык ж-а жылуулук техникасында, автоматикада, прибор курууда ж. б. тех. тармактарда кеңири колдонулат.