ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ
ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ – кургактыктагы
жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жаратылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын
чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванналарынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктердин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктөрүндө кеңири тараган. Ага кургак континенттик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык
өлчөмү 300 ммден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орт. темп-расы 20– 25°С, тропиктерде 30°С), кышы Түн. жарым шардагы мелүүн алкактарда суук (январдын орт. темп-расы 0°Сден төмөн, айрым жеринде –20°Сге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (субтропиктерде 0–10°С; тропиктерде 12–20°С). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгилде, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр ж-а бадалдар (башка континенттерде) басымдуу. Кышында ж-а кургакчыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат.
Мелүүн алкакта Ж. ч. з. Азияда кеңири тараган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытайга чейин 10 миң кмге созулат. Субтропик алкагында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго ж-а айрым тоо массивдерине гана мүнөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Сахарадан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саванна), о. эле Түш. Америкада ж-а Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери ж-а дарыя өрөөндөрү дыйканчылыкта пайдаланылат.
Ад.: Федорович Б. Ф. Лик пустыни. М., 1950; Бабаев А. Г. Пустыня как она есть. М., 1980; Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б. Пустыни. М., 1986; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.