ЖАРЫМ ШАРЛАР
ЖАРЫМ ШАРЛАР , Ж е р ж а р ы м ш а р л ар ы – Жер шарынын сфералык бетинин кандайдыр бир белгилер б-ча ажыратылган эки бөлүгү. Экватор аркылуу Т ү н д ү к ж-а Т ү шт ү к, меридиан (160° чыгыш ж-а 20° батыш уз.) б-ча Б а т ы ш ж-а Ч ы г ы ш Ж. ш-га бөлүнөт.
Океан же кургактыкты ээлеши б-ча О к е а нд ы к Ж. ш-га (ортосу Жаңы Зеландиянын түн.-
чыгыш тарабы болуп эсептелет) ж-а М а т ер и к т и к Ж. ш-га (ортосу Франциянын түн.- батышы) ажыратылат. Кырг-н Түн. Жарым шарда 39°15′ м-н 43°16′ түн. кеңдиктердин, 69°15′ м-н 80°18′ чыгыш узундуктардын аралыктарында жайгашкан.