ЖАРЫМ ШАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ШАРЛАР , Ж е р ж а р ы м ш а р л а­р ы – Жер шарынын сфералык бетинин кан­дайдыр бир белгилер б-ча ажыратылган эки бөлүгү. Экватор аркылуу Т ү н д ү к ж-а Т ү ш­т ү к, меридиан (160° чыгыш ж-а 20° батыш уз.) б-ча Б а т ы ш ж-а Ч ы г ы ш Ж. ш-га бөлүнөт.
Океан же кургактыкты ээлеши б-ча О к е а н­д ы к Ж. ш-га (ортосу Жаңы Зеландиянын түн.- чыгыш тарабы болуп эсептелет) ж-а М а т е­р и к т и к Ж. ш-га (ортосу Франциянын түн.- батышы) ажыратылат. Кырг-н Түн. Жарым шарда 39°15′ м-н 43°16′ түн. кеңдиктердин, 69°15′ м-н 80°18′ чыгыш узундуктардын аралыктарын­да жайгашкан.