ЖАРЫЯЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫЯЛОО , п у б л и к а ц и я (лат. publico – эл алдында жарыялоо) – басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу, маалымат агенттиги ж. б. ка­ражаттардын жардамы м-н окуя, көрүнүш, жа­ңылыктардын таркатылышы. Басма ишинде – мезгилдүү эмес жыйнак, адабий чыгарма же се­риялуу басылма; гезит-журналдарда материал­дарды басып чыгаруу процесси. «Ж.» термини эл арасында басма сөз же башка маалымат ку­ралдарынын (мис., үн жазуу ж. б.) көчүрмөлөрүн сатуу ж-а таркатуу иши м-н да байланышты­рылган.