ЖАРЫЯЛОО
ЖАРЫЯЛОО , п у б л и к а ц и я (лат. publico – эл алдында жарыялоо) – басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу, маалымат агенттиги ж. б. каражаттардын жардамы м-н окуя, көрүнүш, жаңылыктардын таркатылышы. Басма ишинде – мезгилдүү эмес жыйнак, адабий чыгарма же сериялуу басылма; гезит-журналдарда материалдарды басып чыгаруу процесси. «Ж.» термини эл арасында басма сөз же башка маалымат куралдарынын (мис., үн жазуу ж. б.) көчүрмөлөрүн сатуу ж-а таркатуу иши м-н да байланыштырылган.